Алай районунда Ош - Эркеч-Там унаа жолунун 68-чакырымында 4-июль күнү жол кырсыгы катталды. Анда жүк көтөргүч автоунаасынын (мамлекеттик номери КGDН 01-77) айдоочусу рулду башкара албай калып сайга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу, кытай улутундагы жаран, Хенан провинциясында 1976-жылдын 4-декабрында туулган Ли Жин Щи окуя болгон жерден жан берген. Ал эми жүргүнчүсү, Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылында 1963-жылы туулган Келдибек Садиков башынан жаракат алып, бети-колу сыйрылган. Ал Алай райондук ооруканасына "Тез жардам" аркылуу жеткирилген. Куткаруучулар каза болгон кытайлык жаранды автоунаадан алып чыгып, аймактык оорукананын өлүкканасына жеткиришкен.