Президент Алмазбек Атамбаев “2013-жылдын
10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу
калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик
макулдашууну; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз
Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында
катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору боюнча ЕРӨБ
уюштуруучуларынын атайын фондунан инвестициялык грант берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол
коюлган Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, “Тазалык” муниципалдык
ишканасы, “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасы менен Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Бишкек шаарында катуу
тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору үчүн Европа
бирлигинин Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун (EUIFCA) инвестициялык
грантына карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз
Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын
17-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине Европа
реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган
макулдашуулардын күчүнө кириши зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду
аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо тапшырмасы
берилди.
Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө
кирет.