Жыл башынан бери 30 адам өрт кырсыгынан набыт болгон

Жыл башынан бери 30 адам өрт кырсыгынан набыт болгон. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 2015-жылдын июль айына чейин өлкө аймагында жалпысынан 1394 тилсиз жоо катталган, анын 94тү Ош шаарында болгон. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, кырсык болгон жерге баруу алар үчүн дайыма кыйынчылыктарды туудурат. "Жолдо туура эмес токтотулган унаалар, айдоочулардын кызматтык унааны тоготпой жол бошотпогондугу кыйынчылык жаратат. Мындан тышкары кээ бир көчөлөрдүн аталыштары жана үйлөрдүн номурлары жазылган эмес. Турак жайлар нормага ылайык, аралыктары 6 метр алыстыкта салынган эмес. Мунун айынан өрт бир үйдөн экинчи үйгө оңой өтүп кеткен учурлар болууда",- делет маалыматта.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан