"ЕАЭБге кошулсак, бир нече миң жумуш орундары түзүлөт" дейт депутат Турсунбеков

"ЕАЭБге кошулсак, бир нече миң жумуш орундары түзүлөт". Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков фракциянын 5 жыл аралыгында аткарган иштери тууралуу маалымат берип жатып айтты. Турсунбеков буга Казакстандын ЕАЭБге киргенден кийинки аракетин мисал келтирди. “Биз үчүн чоң рынок ачылып жатат. Казакстан 2 жыл ичинде 200 ишкана куруп, бир нече миң жумуш орунун түзүп койду. Бул да ЕАЭБдин пайдасы. Албетте, бизде дагы ушундай чоң мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Мигранттар үчүн да жакшы шарттар каралып жатканын көрүп жатасыздар”,- деп белгиледи.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан