Чүй облусунда курулуш материалдары жүктөлгөн унаа 2 жашар баланы тебелеп кетти

Чүй облусунда курулуш материалдары жүктөлгөн унаа 2 жашар баланы тебелеп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 4-июлда милицияга Бишкектин №3-балдар ооруканасына оор абалда Өскөн-Ордо жаңы конушунун жашоочусу, 2 жашар бала жеткирилип, андан соң өзүнө келбей каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Дарыгерлер 2013-жылы төрөлгөн А.А. аттуу наристеге “ички органдары жарылып, шок болгон” деген диагноз коюлганын билдиришкен.  

Каза болгон баланын апасы 25 жаштагы С.А. аттуу жаран курулуш материалдары жүктөлгөн Хундай Портер унаасы менен короого кирип келе жатканда жаш баланы байкабай тебелеп кеткенин айткан. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nelya88
2015-07-06 13:49:35
Ата-энесине кайрат берсин!Боодо кырсык деген ушу да,канча мээнет менен чонойтуп алып,жок жерден ушундай абалга туш болуп жатышат.Болоор иш болгондон кийин кайрат гана айтып койгонубуз туура го эми...
+3
aydarken
2015-07-06 14:45:27
Ошондо АПАСЫ ОЗУ тепсеп кеткен болуп жатабы ,менин тушунугум бойунча?
-5
karona
2015-07-06 17:13:20
aydarken, жок, башка бироо байкабай тебелеп алганын апасы айтып бериптир.
0
Izdeim_seni.
2015-07-06 15:08:38
Кудай сактасын,журок ооруйт ушундай жанылыктардан.
0
marmiladka9
2015-07-06 15:27:10
ии журогум эзилип кетти...
0
mirlan15
2015-07-06 15:38:53
Болор иш болду ! Озу биздин эл майда барат нерселерге конул бурушпайт , айтсан боло берет Эчнерсе болбойт деп коюшат ! Ото кылдат мамиле жасаш керек жаш балага ! Башкаларга сабак болот !
+1
malika14
2015-07-06 16:35:58
Jaiu janattan bolsyn.
0
KYRGYZJERI
2015-07-06 16:54:29
балдарды жакшы карашыбыз керек.
Бала деген суу, эч нерсеге жетишпей каласын.
Тушунугум боюнча оз уйундо
курулуш иши журуп жатканда
болгонбу дейм.
Аттин ата энеси сыздап гана калдыда.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан