“Ош шаарында коомдук транспортту жакшыртуу” долбоору боюнча макулдашуулар ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев “Ош шаарында коомдук транспортту жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор кыргыз өлкөсү тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан