Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 8 жашар бала изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 29-июнда 2007-жылы туулган Нурсултан аттуу бала райондогу Ак-Таш жайлоосунун Балык-Суу чегинде дайынсыз жоголгон.
Бүгүнкү күнгө чейин издөө иштерин туугандары жүргүзүшкөн, натыйжа болгон эмес. 5-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары, 12 милиция кызматкери жана туугандары тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн, издөө иштери улантылууда.