Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн, 6-июль күнү саат 12:38де Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Кадамжай шаарынан 3 чакырым түштүк-батышынан жана Кызыл-Кыя шаарынын Жийделик айылынан 40 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашкан. Жер титирөө Кадамжай шаарында, Жийделик, Кызыл-Булак, Таш-Кыя айылдарында 3 баллга, Кескен-Таш жана Котур-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди.