Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Манфред Грунд башында турган Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын Борбор Азия тобун кабыл алды. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун, парламенттер аралык байланыштын келечегинин актуалдуу маселелерин талкуулашканын билдирди.
Жээнбеков герман тарапка кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздык жылдарында ар тараптуу колдоосуна ыраазычылык билдирди. “Германия тарап Кыргыз Республикасындагы көптөгөн процесстерге, анын ичинде экономикалык реформаларды жана демократиялык кайра курумдарды алга жылдырууга көмөктөшүп келет”,- дейт төрага.
А.Жээнбеков бардык деңгээлдеги эки тараптуу байланыштардын динамикасына канагаттануу менен токтолуп, үстүбүздөгү жылы президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга иш сапарынын ийгиликтүү болгонун айтты. Төрага кыргыз-герман кызматташтыгын жандандыруудагы Жогорку Кеңеш менен Бундестагдын өзгөчө ордун баса белгиледи. “Эки өлкөнүн парламенттери мамилелерди өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүдө”,- дейт А.Жээнбеков.
Өз кезегинде М.Грунд герман тараптын кыргыз өлкөсү менен кызматташууну өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында парламенттер аралык өнөктөштүктү ар тараптуу кеңейтүү ниетин билдирди. “Биздин Борбор Азия тобунун ишиндеги негизги багыттардын бири Кыргыз Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат”,- деп аталган багыттын маанилүүлүгүн белгиледи. “Биз кыргыз тараптын эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө болгон кызыкчылыгы үчүн кубанычтабыз. Германия канцлери Ангела Меркель кыргыз өлкөсүндөгү болуп жаткан окуяларга баам салып турат. Биз сиздердин өлкөдөгү парламенттик демкоратияны өнүктүрүү максатын көздөөрүңүздөрдү жана кыйынчылыктарга карабастан, белгиленген жолдон кайтпай турганыңыздарды жакшы билебиз”,- дейт М.Грунд.
Тараптар кыргыз өлкөсү жана жалпы регион туш болуп жаткан жаңы чакырыктар жөнүндө пикир алышты. Бул өңүттө төрага Бундестаг делегациясынын көңүлүн эл аралык терроризм, экстремизм, баңгизат жана курал-жарак сатууга каршы аракеттенүү багыттары боюнча кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгына бурду.