"Патриоттор" ур-тепкиге алган кыргыз кызы тууралуу видео Орусияда тартылганы болжолдонууда. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, видеодо кыз Баткен тараптан экенин айткан. Милиция кызматкерлери айтылган айылга барып, аны аныктай алышкан эмес. Балдардын Ош облусунун өкүлдөрү экени болжонууда. Ал эми видеодо айтылган сөздөргө карап ИИМ азырынча видео Орусиянын аймагында тартылганын божомолдоп жатат. Тактоо иштери уланып жатканын белгилешти министрликтен.