Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын 5 жыл аралыгында аткарган иштери тууралуу 7-июлда фракция лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерге маалымат берди. Жыйында журналисттер мурдагы муфтий
Чубак ажы Жалилов "Ата Мекен" партиясы менен парламенттик шайлоого катышуусу мүмкүн экени айтылып жатканын билдиришип, фракция лидеринин жообуна кызыгышты. Бирок ал суроого кыскача жооп берди.
"Бул тууралуу азырынча эч нерсе айта албайм, бирок биз динди мамлекеттин атаандашы катары карабайбыз",- деди Текебаев.