Бүгүн, 7-июлдагы маалымат жыйынында Бишкек ШИИББинин башчысы
Кашкар Жунушалиев: "Активисттердин унаасынын номурун чечип алгандардын бири кармалды, экинчиси изделүүдө",- деп билдирди. Ал өз сөзүндө МАИчилердин айдоочудан
5000 сом талап кылышып, бербей койгон соң артынан кууп барып унаасынын номурун чечип алышканы тууралуу видео жөнүндө ММКлар 30-июнда жазып чыгышканын, ал эми активист
Болот Ибрагимов кийинчерээк арыз жазганын кошумчалады.
"Ушул тапта факт боюнча иликтөө жүрүүдө. Кечээ Азирет Маратбекович кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Ал эми экинчи шектүү Адилет Жунусов азыркы тапта изделүүдө. Анын кайсы жерде жүргөнү азырынча белгисиз. Биздин кызматкерлер Бишкектен жана шектүүнүн туулган жери Ысык-Көл облусунан да издеп жатышат. Жакынкы күндөрдө ал да колго түшүрүлөт",- деди Жунушалиев.
4-июлда активисттердин унаасынын номурун чечип алган жигит 26 жаштагы Адилет Жунусов
экени белгилүү болуп, анын МАИчилер менен түшкөн сүрөттөрү
интернеттеги социалдык тармактарга тараган. Ага чейин эле аталган адамды
издеп табууга милиция кызматкерлери убада беришкени айтылган эле.
Бул
окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, жарандар активисттерге колдоо
көрсөтүүнү айтышууда. Ал эми активисттерге керсейген, аларды сөгүп,
автоунаанын номурларын чечип алган жигитке интернет колдонуучулар "Дрыщ" ("тыржыйган адам" - ред.) деген каймана атты коюшту.