Айдоочудан 5000 сом пара талап кылган кызматкерлер кызматынан убактылуу бошотулушту

МАИчилердин айдоочудан 5000 сом талап кылышып, бербей койгон соң артынан кууп барып унаасынын номурун чечип алышканы тууралуу видеодогу кызматкерлер кызматынан убактылуу бошотулушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда маалымат жыйынынын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, видео интернет булактарына тараган күнү эле кылмыш иши козголгон. Учурда жол-кайгуул кызматкерлери ээлеген кызматынан биротоло бошотулары белгисиз.

Коомчулук аталган видеого катышкан кызматкерлерге көрүлгөн чараны өтө эле жумшак деп жатат. Бирок бул МАИчилер мыйзамдуу түрдө кандай жаза алышарын бир гана прокуратура чечет. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен көрүлгөн чаранын оор же жеңил экенин айта алабыз”,- деди Жунушалиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
marmiladka9
2015-07-07 12:52:07
обаа. болгондо да убактылуу бошотупсунар!
+1
karabek
2015-07-07 12:52:59
Алар камалыш керек тортоо тен.Эгер камалбаса элдин ишениминен таптакыр чыгып калат Мелисинер.
0
kama_future_millioner
2015-07-07 13:02:01
Убактылуу бошотконуу эмнеси бир жолу алып салыш керек, үйрөнгөн адат өлгөндө калат дейт кайра эле пара алышат да, биротоло бошутуш керек.
0
EdikoKG
2015-07-07 13:18:39
Убактылуу !? Эмне деген шалаакылык? Мындай чара колдонуу канаатандырбайт . Камаш керек!
+1
Izdeim_seni.
2015-07-07 13:49:15
Азаматтар,биротоле медаль тагып койбойт беленер анча болду.
0
kirgizstan
2015-07-07 13:54:06
Убактылуу бошотушат дагы эртен элдин эсинен чыкты келип иштейбергиле дейт
+1
kg.boy1
2015-07-07 14:19:46
Буларды бошотуп,Башка жаны кызматкер келсе деле ошону кылат. Балык башынан сасыйт булардын ошол кылмышка турткон чондорун тазалаш керек. Кунуно командиринин чонток планы, чондорунун бензини жада калса продуктусунан бери ушул ГАИлер алып берет алар эмне айлыгынан алып бермек беле? Чондорду тазалаш керек
+3
nurik838383
2015-07-07 15:25:53
жанагы туртсо жыгылгыдай баланы да кармаштыбы оозу бузукту
0
shiko
2015-07-07 16:06:42
nurik838383, аахааа Дрыщ ал
0
jeki_1011
2015-07-07 16:43:05
Мындайларды айта берсек соз коп ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-07-07 16:48:30
jeki_1011 - 5 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.
0
zhykyo
2015-07-07 17:49:58
Иштей беришсин жумуштан алганда эмне
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан