Орусиянын абагында отурган кыргыз жараны оор кыйноодон кийин көз жумду

Орусиянын түзөтүү колонияларынын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргыз өлкөсүнүн А.А. аттуу жараны каза тапты. Мекендешибиз оор кыйноодон кийин көз жумганын бүгүн, 7-июлда Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Абактан кыйноого кабылган кыргыз жараны Свердлов облусунун Невьянск шаарынын борбордук ооруканасынан 3-июлда каза болгону айтылды.  
"Кыргыз мамлекетинин Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери абалды териштирүү үчүн 5-июлда Невьянск шаарындагы №46-түзөтүү колониясына барышты. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Консулдуктун кызматкерлери бүгүн Орусиянын Тергөө комитетинин Свердлов облусу боюнча Тергөө башкармалыгынын башчысы менен жолугушат",- деп билдирди ТИМ. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sarabanda
2015-07-07 14:41:33
Эхх... жаткан жери жайлуу болсун! :(
+1
paula.90
2015-07-07 15:26:55
Кудайым ушундайдын жузун ары кылсын,байкуштун жаткан жери жайлуу болсун!
+1
karona
2015-07-07 15:52:49
Жаман болуптур, жаткан жери жайлуу болсун. Кайсыл статья менен камалган экен, толугураак маалымат берсениздер.
+2
aku
2015-07-07 16:45:38
Эмне себептен отурду экен.мумкун подстава
0
Aipri
2015-07-07 16:53:51
Жаратканым, баарыбызга, бул адамдын тагырын корсотпошуно тилектешмин. Толук, маалымат болсо жакшы болмок.
0
Ayka1994
2015-07-08 01:30:33
кыргыз жарандарыбыздын чет жактарда олуп кетишине мамлекетибиз кандайча жол берип отурат жигитти жок дегенде жазаасын кыргызстанда отосун деп элибизге кайтарып алышпады бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан