Токмок шаарында мас абалдагы айдоочу МАИ кызматкеринин моюнуна бычак сайып жиберди

Токмок шаарында мас абалдагы айдоочу МАИ кызматкеринин моюнуна бычак сайып жиберди. Бул факт 3 күн мурун катталганын 7-июлда ички иштер министринин орун басары Рыскул Жапаркулов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, МАИ кызматкери мас абалда бара жаткан унаанын айдоочусун токтотуп, андан кийин протокол толтуруп жатканда айдоочу артынан келип, анын моюнуна бычак сайып салган. Министрдин орун басары МАИчилер айдоочулардын кол салуусуна дуушар болгон учурлар көп катталып жатканын кошумчалады. 

"2 ай мурун да мас абалдагы айдоочуну токтотууга аракет жасаган жол-кайгуул кызматкерин унаа коюп кеткен. Бирөөсү бир бутунан ажыраган, экинчисинин абалы өтө начар. Буга окшогон фактылар коомдо резонанс жаратпайт. Ооба, биз өз кызматыбызды аткарып жатабыз. Бардык эле МАИчилерди паракор, мыйзам бузуучулар дегенден алыс болушубуз керек”,- дейт Жапаркулов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
banda-312
2015-07-07 14:39:28
Пара албай иштесенер
Анан коркуп калышат
+4
Izdeim_seni.
2015-07-07 14:47:32
Баары паракор,жуз процент.
+6
Mirlan5
2015-07-07 22:01:39
Izdeim_seni.,Жуз эмес 95% десен окшошот.
0
Bors
2015-07-07 15:11:19
Кээде МАИ чилерге кой ай брат тура тушун десен укпайт оздорун кудай сезип алышат ХХХ ХХХ ХХХ... Адамбызго акыры кээ бир женил нарушениелерди эскертуу берип кетирип жиберсе болотда жок сразу протокол база баштайт. Мындан 15 жыл мурун иштеген МАИ колективи алтын адамдар экен, кокус нарушение кылып алсан ээ иним Экинчи мындай кылба биринчиси эскертуу деп эле кетирип берчу.
+7
admin_portal
2015-07-07 15:16:59
Bors - Берилген эскертүүлөргө көңүл бөлбөстөн кайра-кайра провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазгандыгы үчүн 5 күнгө БАН!
0
Lenin
2015-07-07 15:21:48
Айланайындар мне болуп баратасынар, тигил жакта бир активист атанган Болот постанова кылып гаилерди карматып жатса аны мактайсынар. И макул, мас абалындагы адам бычак сайып жиберди десе да МАИ кызматкерин куноолойсунор. Алардын дагы бала чакасы бар, кокус бир нерсе болуп кетсе сразу ошолорго чуркайбыз го жардам сурап. Кичине озубузго келели!!!
+4
nurik2103
2015-07-07 15:38:46
Паракор паракор дейсинер, ал параларды озубуз беребизго, документ права бар болсо мас абалда машина айдабасан сага бироо тийишеби? Мисалы россияда тойго баргандар машинасын уйго токтотуп койуп такси менен барышат, а биздикилер тойго барыш учун машина алышат ичишин билип туруп, гаи тоссо 500 берип кете бересин. А егер акчаны албай протокол тузсо дагы гаи кунолуу, пара алса да кунолуу албаса да кунолуу. Кайак барышсын еми
+4
karona
2015-07-07 15:48:44
Качандыр бир кылган кунообуз учун кудай жазалайт эртеби кечби, ошого туз журолу туугандар!
0
tursunbaev2004
2015-07-08 02:34:31
Жакында бирону ГАИлер атып салса,маалымат жыйын откон жок эми ГАИни бычактаса,дароо маалымат жыйын откоруп жар салышат
0
ertur
2015-07-08 09:11:01
98 % паракор, адал арамды билсечи, укугун тебеленип мыйзам чегинде карап берсе кана эми, акча болсо болду, мындай фактыга бир эки жолу кабылгам, кудай сактасын
0
EdikoKG
2015-07-08 12:23:25
Ал адам дагы просто так сайбаса керек? ГАИлер чектен чыга баштаган озу. Сабак болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан