10 күн мурун абактан бошотулган 19 жаштагы жигит 83 жаштагы карыяны мыкаачылык менен өлтүрүп, убактылуу камакка алынды. Бул тууралуу 7-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 29-июнь күнү Ала-Бука районундагы Ак-Коргон аймагынын Падек айылынын тургуну, 1932-жылы туулган Мутал Абдуразаков саат 17:00 чамасында үйүнөн чыгып кетип, кайтып келбей калган. Бул тууралуу жакындары арыз менен Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылышкан. РИИБдин кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, 3-июль күнү болжол менен саат 10:00 чамасында дайынсыз жоголгон М.Абдуразаковдун киши колдуу болгон жансыз денеси Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылындагы эгин талаасынан табылган. Аталган факт боюнча ошол замат кылмыш иши козголуп, кечиктирилгис ыкчам иликтөө иш-чаралары пландалып, кылмыштын бетин ачуу боюнча иштер башталат. Из кубарлар окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, М.Абдуразаковдун жанында уюлдук телефону жоктугуна маани берип, ишти ошол багытка бурушат.
Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, ал эми кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Таалай Болтаев из кубарлардын тобун жетектеп, натыйжада ошол эле күнү саат 21:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунан Ала-Бука районунун Баястан айылынын 1996-жылы туулган Базарали аттуу тургуну шектүү катары кармалган. Жогорудагы кылмыштын бети ачылып, шектүү убактылуу камакка алынды.
Ал карыянын район базарындагы акча алмаштыруучу жайда ири суммада акча (болжол менен алтымыш миң сом) көтөрүп жүргөнүн байкап, акчаны тартып алуу максатында аксакал менен тил табышып, “менде сизге керектүү акча бар, башка валютага алмаштырып берем” деп ишеничине кирген. Анан аксакалды айылдын четине алып барып, бычак кезеп, акчасын талап кылат. Аксакалдын каршылыгына карабай колундагы бычагы менен моюнуна сайып өлтүрүп, жанындагы акчасын жана уюлдук телефонун алып кеткен.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.