Жалал-Абадда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү" деп шектелгендер кармалышты

2015-жылдын 4-июль күнү Жалал-Абад облусунун аймагында диний кастыкты козутуп, эл арасында туура эмес үгүт иштерин жүргүзүп жаткан атуулдардын мыйзамсыз аракеттеринин алдын алуу максатында иш-аракеттер уюштурулган. Бул тууралуу 7-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад жана Таш-Көмүр шаарлары, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен жана Аксы райондору боюнча 21 топ түзүлүп, "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү катары каттоодо турган жана башка кылмыштарга шектелген атуулдардын турак жайларын тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Натыйжада диний кастыкты козутууга багытталган китептер - 151 даана, диний маанидеги жазуулары бар эсеп дептерлер - 30 даана, диний чакыруу жазуулары бар баракчалар - 227 даана, DVD-дисктер - 131 даана, аудиокассета - 27 даана, флешка - 4 даана, ноутбук жана компьютер - 4 даана, журнал- 5 даана, китепче - 10 даана, блокнот - 2 даана, фотоаппарат - 1 даана, планшет - 1 даана, туулгандыгы тууралуу 2 жасалма күбөлүк табылды.

Учурда аталган фактылар боюнча тергөө тарабынан керектүү экспертизалар дайындалып, алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kanykey125
2015-07-08 13:16:53
Ушундайлар токтобос болду го..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан