Маалыматка караганда, куткаруучулар жабыркаган 1983-жылы туулган Кубат Калмуратов жана апасы 1956-жылы туулган Марзия Калмуратованы дарыядан чыгарышып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Алар Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилишкен.
Ал эми 1975-жылы туулган Чолпонай Ботобаеванын жансыз денесин автоунаа
кулаган жерден 1 чакырым төмөн жактан табышкан. Маркум Тамара
Ботобаеваны дарыя ичиндеги талга илинип калган жерден таап, суудан чыгарышкан соң Кызыл-Кыя шаардык өлүкканасына жиберишкен.