Жылнаама, 8-июль: Мындан 43 жыл мурун Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова төрөлгөн

* Мындан 176 жыл мурун, 1839-жылы америкалык жеке ишкер, филантроп Жон Рокфеллер төрөлүп, 1937-жылы 23-майда 97 жаш курагында дүйнө салган. 1917-жылы ишкердин байлыгы 900 миллион доллардан 1 миллиард долларга чейинки сумманы түзгөн (АКШнын ошол кездеги ички дүң продукциясынын 2,5%, азыркы эквивалентте - 150 миллиард доллар). Жарык дүйнө менен коштошор алдында Рокфеллер (өзү түзгөн "Standard Oil" компаниясынын кирешесинен сырткары) 9 банктын, 16 темир жол компаниясынын, 6 кеме, 9 риэлтордук фирманын жана 3 апельсин бакчасынын ээси болгон.
 
* Мындан 43 жыл мурун, 1972-жылы Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова Фергана өрөөнүндө төрөлгөн. 1988-жылы Ташкентте математика мектебин бүткөн. 1989-жылдан 1994-жылга чейин Гүлнара Каримова Ташкент мамлекеттик университетинде (азыркы Өзбекстан улуттук университети) окуган. Ал эми 2000-жылы Гарвард университетинен магистр илимий даражасын алган.
* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы орусиялык ырчы жана актриса Жанна Фриске Москвада төрөлгөн. Ырчы 1996-жылдан 2003-жылга чейин “Блестящие” тобунда ырдап, андан кийин жеке ырчы катары таанылган. Ал Орусиядагы бир канча тасмаларда роль жараткан. 
2015-жылы 16-июнга караган түнү Жанна Фриске көпкө созулган оорудан улам 40 жашында каза болгон. Ырчы бир жылдан ашык убакыттан бери мээдеги рак оорусу менен күрөшүп келген.
* Мындан 17 жыл мурун, 1998-жылы америкалык актёр Жейден Смит АКШнын Калифорния штатындагы Малибу шаарында актёрдун үй-бүлөсүндө туулган. Уилл Смит жана Жада Пинкетт-Смиттин тун уулу. 
Жейдендин тасмага тартылып калуусу айрымдар үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш болсо, өзү үчүн катастрофа болгон. Анткени атасы менен апасынын үйдө көп болбогону, көп убактысын киного арнаганы Жейдендин көкөйүнө тийген эле. 2006-жылы "Бакытты издөө" тасмасына атасынын кыстоосу менен тартылып калган. 2008-жылы Киану Ривз менен "Жер токтогон күн" аттуу тасмага тартылган. Жейден актёр гана эмес, каратэ чебери, анткени 2010-жылы тартылган "Өспүрүм-каратэ" тасмасында башкы ролго тартылуу үчүн Жеки Чандан каратэ өнөрүн бир жыл бою үйрөнгөн.
8-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kubat_1973
2015-07-07 22:25:27
Туулса туулуптур же озулору айткандай олуп ям кетсе бизге баркы тыйынча.
+8
marmiladka9
2015-07-07 23:20:11
эх Жанна Фриске...
+7
tursunbaev2004
2015-07-08 02:22:28
Супер инфо Каримовдун кичуу кызы качан торолгон жазып койгулачы ото керек болуп жатат
+6
admin_portal
2015-07-08 09:32:26
Баардык колдонуучуларга эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
aikol87
2015-07-08 10:36:56
Жанна Фриске эми унутканда кайра эсиме тушту.(((
+1
Dinki
2015-07-08 14:34:04
aikol87, Жанна Фрискени ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-07-08 14:45:37
Dinki - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан