25-февралда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Өкмөтү менен Орусия өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду. Айта кетсек, бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 21-февралында кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.