Бишкек-Торугарт жолунда автокырсыктан 19 жаштагы эки кыз каза болуп, дагы 3 адам жабыркады

Бишкек-Торугарт жолунда автокырсыктан 19 жаштагы эки кыз каза болуп, дагы 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 7-июль күнү саат 22:30 чамасында 1996-жылы туулган И.А. аттуу айдоочу кыз Хонда Одиссей унаасы менен батыштан чыгышты көздөй баратып рулду башкара албай калып оодарылып кеткен.

Анын кесепетинен Бишкектин тургундары: Т.Ч. жана А.Б. аттуу 1996-жылы туулган кыздар ошол жерден каза болушкан. Ал эми айдоочу жана 1996-жылкы К.А. жана К.Ж. аттуу жүргүнчүлөр оор жаракат алып, жакынкы ооруканага жеткирилишкен. Учурда жогорудагы окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, экспертиза дайындалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurchik05
2015-07-08 11:13:46
Ата энелерге тан каламда кече эле мектепти буткон кызына рульду карматып койгонун ээ алла жаткан жери жайлуу болсун
+6
priora1982
2015-07-08 11:18:03
Ошол ата энесинде меедеген жокта кантип машынаны Берди ошол чычым кызына андадагы сыймыктанып берсе керек менин кызым машына айдат деп.
+2
Alina1984
2015-07-08 13:03:30
Ыйманы саламат болсун!!!Ал да болсо Жараткандын буйругу да
+1
marmiladka9
2015-07-08 23:17:12
жаткан жерлери жайлуу болсун.
кырсык каш кабактын ортосунда дейт
машинени ар ким оз шыгына жараша айдайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан