2-июлда Өзгөн районунун Кароол айыл аймагындагы Шералы айылында 1974-жылы туулган Өзгөн шаарынын тургуну Фируза Мырзакаримова жоголуп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, ӨКМнын 53-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денесин 7-июль күнү саат 13:30да Кара-Дарыя дарыясынан табышкан. Каза болгон жарандын денеси туугандарына өткөрүлүп берилди.