7-июль күнү саат 21:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 450-чакырымында Тойота Ист автоунаасы катуу ылдамдыкта келе жатып жолдон чыгып, 70 метр бийиктиктен кулап түштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, окуя болгон жерге Таш-Көмүр шаарынан ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 5 куткаруучусу барып жабыркагандарды автоунаадан чыгарып, "Тез жардам" унаасы менен Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткиришти.