Ош шаарындагы бала бакчалардын биринде медайым болуп иштеген кызматкер, 50 жаштагы З.Г. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 8-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жаран Ош шаарынын тургунунан анын 4 жаштагы баласын балдар бакчасына кабыл алуу үчүн 6 миң сом пара талап кылган. Учурда мыйзамсыз пара алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.