Жайкы каникулда жаш балдарыбыз ар кандай эс алуу жайларында, лагерлерде, көл жээгинде эс алып жатышкан учур. Ал эми кээ бир өспүрүмдөр оңбогон акча үчүн ылайдан кыш жасап сатышат. Бул тууралуу оюн окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталы менен бөлүштү.
"Адал мээнет, маңдай тер менен акча таап, ата-энесине жардам кылгандары жакшы. Бирок биздин келечек муундарыбыз ушундай оор иштер менен акча табам деп өз ден соолуктарын тобокелге салып жаткандары өкүнүчтүү",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.