Кыргыз-казак чек арасынан тапанча алып өтүүгө аракет кылган казак жараны кармалды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү бекетинде газ тапанча жана ок-дарылар менен казак жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачылар тарабынан Казакстандын жараны Кыргыз Республикасына кирип келе жатканда кармалган. Анын унаасын текшерүү учурунда 1 газ тапанча жана 4 ок табылган.

Учурда казак жараны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан