Бүгүн, 8-июлда Ош облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер силкинүү болду. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун билдиришинче, жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 48 чакырым түндүк-батыш тарапта, Үч-Каптал айылынын түндүгүнөн 2 чакырым, Түз-Бел айылынан 3 чакырым түндүк-чыгышта, Пор айылынын түштүк-батышынан 5 чакырым аралыкта орун алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана курмандыктар болгон жок.