Ошто 2 адамдан террордук чакырыктар камтылган видеолор бар флешкалар алынды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2 адамдан террордук чакырыктар камтылган видеолор бар флешкалар алынды. Бул тууралуу 8-июлда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Өзбекстан Республикасынын Андижан айылынын тургуну, 1987-жылы туулган Ж.И. текшерилген учурда анын кол телефонунун сыйымдуулугу 2 гигабайт болгон флеш-картасында террордук актыларга чакырык жасаган бир топ видеотүрмөктөр бар экендиги аныкталган.

Ушундай эле мазмундагы жалпы сыйымдуулугу 8 гигабайт болгон видеоматериалдар Ош шаарынын 20 жаштагы тургунунун да кол телефонунда бар экендиги аныкталган. Учурда бул видеоматериалдарды алардын кандай максатта алып жүргөндүктөрү иликтенүүдө. Алынган материалдар атайын экспертизага берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан