Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Нурсултан аттуу 8 жашар бала 29-июндан бери изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары 7-июлда да баланы издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болгон жок.
Айта кетсек, Нурсултан 29-июнь күнү райондогу Ак-Таш жайлоосунун Балык-Суу чегинде дайынсыз жоголгон.