Шекер айыл өкмөтүнө жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду
Кара-Буура райондук прокуратурасы Шекер айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине "жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу", "ишенип берилген мүлктү негизсиз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 8-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Шекер айыл өкмөтүндө иштегендер 6,5 гектар аянттагы көп жылдык өсүмдүктөр отургузулган жер тилкесин аз пайдаланылчу жер катары К.Т. аттуу жаранга кайтарымсыз беришкени аныкталган. Мындан сырткары жооптуу кызматкерлер кызмат абалынан пайдаланып 2014-жылы жарандар ижара акысы катары төлөгөн 65 700 сом өлчөмүндөгү каражатты өз эсебине өткөрүп алышкан. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.