
* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы Кыргыз Республикасында “Ар-намыс” партиясы уюшулган. Партиянын уюштуруу курултайы "Россия" кинотеатрында өтүп, анын ишине 842 делегат катышкан. Курултайда партиянын саясий кеңеши, ревизиялык комиссия жана “Ар-намыстын” төрагалыгына
Феликс Кулов шайланган.

* Мындан 59 жыл мурун, 1956-жылы америкалык актёр жана продюсер
Том Хэнкс АКШнын Калифорния штатындагы Конкорд шаарында төрөлгөн. Том Хэнкс "Филадельфия" (1993), "Форрест Гамп" (1994) тасмаларындагы ролдору үчүн эки ирет "Оскар" сыйлыгына арзыган. Актёрлуктан сырткары режиссёрлук менен да алектенген Том Хэнкстин эң кирешелүү тасмасы "Код да Винчи" (2006) болгон.

* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы орусиялык актёр
Дмитрий Дюжев Орусиянын Астрахань шаарында туулган. Бала кезинен эле киного тартылганды жакшы көргөндүктөн, ата-энеси аны атайын өзгөчө таланттуу балдар окуган мектепке киргизишкен. Дима 1995-жылы мектепти, андан кийин Москвадагы театралдык институтту ийгиликтүү аяктаган соң, Жаштар театрына алынган. Дмитрий Дюжев 2000-жылы Александр Атанесяндын "24 часа" тасмасында дебют жасаган. Ал эми актёрго атактуулукту "Бригада" тасмасындагы ролу алып келген.
* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы Англияда жасалма жол менен бойго бүтүрүүнүн негизинде ак түстөгү жубайлардын үй-бүлөсүндө кара терилүү бала төрөлгөн. Буга дарыгерлердин пробиркаларды алмаштырып алуусу себеп болгон.