Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги аталган өлкөдө кырсыкка учураган учакты оңдомокчу болгон "Укрспецэкспорта" ишканасынын кызматкерлеринен пара алган. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурору Асхат Даулбаев билдиргенин казакстандык маалымат булактары жарыялашты. "Бизде бул мекеменин башка жооптуу кызматкерлеринин да аталган учакты оңдоо иштери боюнча пара алгандыгы тууралуу фактылар бар",- деп билдирди Даулбаев. Буга чейин аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинин Башкы башкармалыгынын башчысы Алмаз Асенов 200 миң доллар өлчөмүндө пара алууга шектелип кармалган.
Эске салсак, 2012-жылдын 25-декабрында Чымкент аэропортунан 20 чакырым алыстыкта АН-72 учагы кулап, анда 27 аскер кызматкерлери каза болгон.