Каныбек Дыйканов "Макмал алтын" комбинатынын директору болуп дайындалды. "Кыргыз алтын" ишканасынын билдиришинче, мындай чечим 6-июлда "Кыргыз алтындын" башкармалыгы тарабынан кабыл алынды. Буга чейин аталган комбинаттын убактылуу жетекчиси болуп Жакшыбек Базаров иштеп келген.