Ысык-Атада чогуу жашаган аялды мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектелип мурда соттолгон жаран кармалды
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда чогуу жашаган аялды мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Муну 9-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кечээ, 8-июлда милицияга Кант шаарына жакын жайгашкан от казан тарапта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөөчүлөр денесине жаракат алып каза тапкан азиат улутундагы 35-40 жаштардагы аялдын денесин көрүшкөн. Ал жогоруда аталган райондо жашаган 1977-жылкы С.А. экени белгилүү болгон. Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары маркум менен бирге жашаган 1969-жылкы А.С. кармалган. Алдын ала маалыматка ылайык, шектүү менен каза болгон аял урушуп кетишкен. Натыйжада шектүү сабаганда маркум алган жаракатынан көз жумган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, азыркы тапта тергөө амалдары жүрүүдө.