Кечээ, 8-июлда Ош шаарынын Озгур айылындагы Отуз-Адыр каналына 10-12 жаштагы эки бала агып кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10 жаштагы баланын жансыз денеси туугандары тарабынан табылганын кабарлады. ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары 12 жаштагы баланы издөө иштерин жүргүзүштү, бирок натыйжа болгон эмес. Бүгүн издөө иштери улантылат.