Бишкектеги Пионер көлмөсүнө Талас облусунун тургуну чөгүп кетти
Кечээ, 8-июлда саат 19:10до Бишкектеги Пионер көлмөсүнө 1997-жылы туулган Талас районундагы Талды-Булак айылынын тургуну чөгүп
кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы издөө иштерине ӨКМнын Бишкек
шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, издөө жүргүзүшкөнүн кабарлады. Бирок натыйжа
болгон эмес.