Бишкекте жол кыймылынын эрежелери боюнча сынактан 44 кичи автобустун айдоочулары өтүштү

Бишкекте 6-8-июль күндөрү жүргүнчү ташуучу 44 кичи автобустун айдоочусу жол кыймылынын эрежелери боюнча сынак тапшырышты. 6-июлда 49 айдоочунун экөөсү, 7-июлда 94 айдоочунун 13ү, 8-июлда 105 айдоочунун 18и, 9-июлда түшкө чейин 18 айдоочунун 11и сынактан өтүшкөнү айтылды. Автоунаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин билдиришинче, сынактан өтпөй калган айдоочулардын кайрадан сынак тапшыруусуна карата убактылуу чектөөлөр болбойт, аларда кайрадан сынактан өтүү мүмкүнчүлүгү бар. "Жүргүнчү ташуучу транспорт" рейди борбор шаардагы жолдо жүрүү коопсуздугун жакшыртуу, кырсыктардын алдын алуу, жүргүнчү ташуучу унаалардын абалын көзөмөлдөө максатында жүрүп жатат",- деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан