Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун жооптуу кызматкерлерине Чүй облусунун Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Алар "алдамчылык", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган мекеменин жетекчилери мамлекеттик жана чет элдик кредиттерди өндүрүү укугуна ээ болуп туруп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан жана Т.М. аттуу жаранды 2009-жылы жалган документ түзүү менен 810 миң сом кредитти төлөөдөн бошотушуп, анын карызын А.В. деген адамга которушкан. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.