Кадамжайда 6-июль күнү Нива үлгүсүндөгү унаа Исфайрам дарыясына түшүп кетип, 2 адам жаракат алып, 4 адам каза болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгондор табылганын 9-июлда билдирди. Куткаруучулар ошол күнү эле кырсыктан жаракат алган 1983-жылы туулган Кубат Калмуратов жана апасы 1956-жылы туулган Марзия Калмуратованы дарыядан чыгарышып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткиришкен.
Ал эми 1975-жылы туулган Чолпонай Ботобаеванын жансыз денесин автоунаа кулаган жерден 1 чакырым төмөн жактан табышкан. Маркум Тамара Ботобаеваны дарыя ичиндеги талга илинип калган жерден таап, суудан чыгарышкан соң Кызыл-Кыя шаардык өлүкканасына жиберишкен.
7-июль күнү 9 куткаруучу издөө иштерин улантышып, 1 адамды табышкан. 8-июль күнү 20:00 чамасында 1987-жылы туулган Анара Эргешованын жансыз денеси кырсык болгон жерден 6 чакырым төмөн жактан табылган.