Бүгүн, 9-июлда “Ак-Тилек-автожол” кыргыз-казак чек арасында жасалма паспорт менен кыргыз жараны кармалды. Кармалган жаран кыргыз жеринен Казакстандын аймагына кирүүгө аракет кылган. Тийиштүү документтер толтурулуп, жасалма паспорт менен колго түшүрүлгөн айым Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмү билдирди.