Кыргыз Республикасынын Каржы полициясынын жооптуу кызматкерлери 2008-жылы мурда соттолгон 33 жаштагы М.У. аттуу жаранды ишке алышканы белгилүү болду. Бул тууралуу 9-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле 2012-жылы мекеме "КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы" деп өзгөртүлгөндө М.У. кызматынан көтөрүлгөнү белгилүү болгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө М.У. 2004-жылы Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, бланкаларды жасалма жол менен даярдоо" беренеси менен айыпталып, 4 жылга эркинен ажыратылганы аныкталган. Факт боюнча материалдар чогултулуп, юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилди.