Ошто мектеп окуучусу 2 жашар тууганын атып алып, бала каза тапты

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 10 жаштагы мектеп окуучусу 2 жашар баланы атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 6-июль күнү саат 06:00 чамасында Сары-Кыр жайлоосунда орун алган. Анда 2005-жылкы У.К. аттуу бала Р.Б. аттуу 2013-жылы төрөлгөн тууганы менен ойноп жатып үйдө турган ИЖ-16 мергенчилик мылтыгы менен кокустан атып алган. 2 жаштагы бала ошол жерден каза тапкан.

Кырсык тууралуу укук коргоо органдарына 8-июль күнү гана кабарланган. Окуя болгон учурда балдардын ата-энеси мал карап жүрүшкөн. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө. Мындан тышкары мергенчилик мылтык каттоодо турбагандыгы аныкталды. Атып алган баланын атасынын айтымында, ок атуучу курал анын атасынан калган. Алар мылтыкты ар кандай жырткычтардан коргонуу үчүн жайлоого алып барышканын билдиришти”,- деди Ашырбаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
teherek-saz
2015-07-09 17:52:32
Кайсы айыл окмотто болот ошондо.
0
Saribulak
2015-07-09 18:39:10
Калининго ким экен?
0
Akmosha
2015-07-09 22:06:03
Ииий каап,жаман иш болуптур.Ыйлатат го.
+2
Parish
2015-07-09 22:21:17
Ар кандай жырткычтардан
сактанам деп огу менен
таштап койбош керек болчу.
Жаш бала нени билет
ойноп атып курогун басып
алды да.
0
AizaSumaya
2015-07-09 23:24:24
Оооо Кудаай эки кундун биринде эле олум болуп жатат го билип билбей жасаган куноолорубузду кечире кооор 10жашар балага эмне себептен карматып коет аны каза болгон балага ким жооп берет эми
+2
kama_future_millioner
2015-07-10 02:23:59
Кырсыктаа ээхх жаман болуптур
0
chomly88
2015-07-10 10:34:14
Эки жаштагы балага ыйлагым келип жатаааат
+1
tynara81
2015-07-10 10:44:02
Алысыраак катып коюш керек эле да, огу менен болгондон кийин, үйдө жаш балдар болгондон кийин. Кайдыгерчиликтин курманы болушту да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан