Бишкекте бир катар алдамчылык фактыларына шектүү катары 1954-жылы туулган Жануркан Түлөгөнова аттуу аял кармалды. Бул тууралуу 9-июлда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга борбор калаанын И.Т. аттуу тургуну кайрылып, Т.Жануркан анын ишенимине кирип 204 900 сомдук зер буюмдарын алып алганын билдирген. Кылмышка шектүүгө карата "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган аял чиновниктердин тууганы катары өзүн тааныштырып, жарандарга жер тилкесин алып берүүнү убадалап, акчаларын алып жүргөнү белгилүү болгон.
Т.Жануркандан жабыркагандар Октябрь РИИБине (0 554) 102 329, (0 551) 102 774, (0 550) 102 349, (0 554) 102 109 номерлери аркылуу байланышса болот.