Жылнаама, 10-июль: Мындан 4 жыл мурун Волга дарыясына "Булгария" теплоходу чөгүп кеткен

* Мындан 64 жыл мурун, 1951-жылы акын, драматург, журналист, саясий ишмер Эгемберди Эрматов Кадамжай районундагы Пум айылында туулган. Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Эгемберди Эрматов 2003-жылы "Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер", 2010-жылы "Кыргыз Эл акыны" наамдарын алган. Акындын обонго салынган ырлары: “Гүлдөй жан”, “Дасторкон”, “Биздин жолдор эки айрылыш”, ”Махабат жөнүндө баллада” жана башка.
 
* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы орусиялык актёр, телеалпаруучу, "ТЭФИ" сыйлыгынын лауреаты (1996), Орусиянын Эл артисти (2001) Илья Олейников Кишинёв шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1980-жылдардын башталышында биринчи болуп юмордук номери менен телеэкрандан чыга баштайт. Юрий Стоянов менен 1991-жылы "Адамово яблоко" телекөрсөтүүсүн алып барып, 1993-жылы экөөлөп "Шаарча" аттуу жаңы телекөрсөтүүнүн үстүндө иштешкен. 
2012-жылы июль айында Илья Олейников рак оорусуна чалдыкканы аныкталып, 2012-жылы 11-ноябрда 65 жаш курагында дүйнө салган.
* Мындан 58 жыл мурун, 1957-жылы орусиялык комедия жанрындагы актёр Юрий Стоянов Одессадагы Бородино кыштагында туулган. 1978-жылы Мамлекеттик театр жана сахна институтун бүтүргөн. Юрий Стоянов кинодогу чеберчилигин алгач "Анекдоттор" деген аталыштагы кинокартинкага тартылуу менен көрсөтө алган. 
Театрда иштеп жүргөн кезинде, 1989-жылы болочоктогу кесиптеши Илья Олейников менен таанышкан. Экөө ошо таптан баштап "Ландыш серебристый", "Заяц над бездной" сыяктуу тасмаларда ири ролдорду ойной башташкан. 1990-жылдан тарта Юрий Стоянов теле жаатына аралашып, 1993-жылы "Шаарча" телекөрсөтүүсүн Илья Олейников менен бирге ачып, ошондон баштап көрсөтүүнүн режиссёру, актёру, сценарийдин автору, монтажёру, айдоочусу болуп эмгектенип келген. 2012-жылы Илья Олейников дүйнөдөн кайтып, Юрий Стоянов "Шаарча" телекөрсөтүүсүн токтоткон.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Волга дарыясына күндүзгү саат 13:30 чамасында "Булгария" теплоходу чөгүп кеткен. Эң негизги себеби экипаждын иллюминаторлорду жаппай койгону болгон. Кырсыктан 122 адам каза болуп, 79 адам куткарылган.
10-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан