Орусиядагы мигранттар азырынча орус тили боюнча сынак берише элек

Орусияда эмгектенип жаткан мигранттар азырынча орус тили боюнча сынак тапшырыша элек. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда маалымат жыйында кыргызстандык жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун директору Нурдин Тынаев билдирди. “Азыр тест ала турган окуу жайларды аныктап жатышат. Ошондой эле Орусия тарап массалык түрдө мигранттар кайсы өлкөдөн барса, ошол жакта окуу борборлорун уюштурууну көздөөдө”, - деди ал. Эскерте кетсек, Орусиянын мыйзамына ылайык, ал жакта тейлөө, соода, коммуналдык кызматтарда иштеген мигранттар орус тилин сөзсүз түрдө билиши керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан