Жалал-Абадда айранга аралаштырылган маңзат табылды. Бул тууралуу 10-июлда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-июль күнү Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалып отурган М.Ага Сузак районунун тургуну, 1986-жылы туулган И.М. аттуу таанышы тамак-аш алып келген. Милиция кызматкерлери тарабынан тамак-аш кылдат текшерүүгө алынып, бир литрлик желим бөтөлкөгө куюлган айрандын ичинде целлофанга оролгон болжол менен 6 грамм марихуана жана 5,5 грамм гашиш маңзатына окшош, өзгөчө жыты бар заттар табылган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, алгачкы тергөө-иликтөө амалдары жүргүзүлүүдө.