Бишкекте "дайынсыз жоголду" деп изделип жаткан 26 жаштагы АлександраГришина бүгүн, 10-июлда табылды. Ал психикалык жактан жабыркап келген. Ушул убакка чейин көчөдө тамак жеп жүргөнү белгилүү болду. Бул арада ага эч ким физикалык жактан зыян келтирген эмес. Азыркы тапта кыз ата-энесинин колунда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, "2015-жылдын 2-июлунда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып
келген эмес" деп А.Гришинага издөө салынган эле.