Кемин районунда унаа уурдоого шектелип 18-19 жаштагы эки бала кармалды
Кемин районунда унаа уурдоого шектелип эки бала кармалды. Бул тууралуу 10-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, милицияга 33 жаштагы И.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал белгисиз үч адам сабап, Тойота-Карина үлгүсүндөгү унаасын айдап кетишкенин билдирген. Окуя Кемин шаарынын Калинин-Космонавттар көчөсүндө орун алган. Арыз түшкөндөн кийин кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1996-жылы туулган М.У. жана 1997-жылы туулган М.У. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.