Эскерте кетсек, аталган жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзүп, 3 фаза менен курулуп бүтмөкчү.
Биринчи фаза: Жолдун узундугу 154 чакырымды камтыйт (Кызыл-Жылдыз айылынан Арал айылына чейин, Казарман айылынан Жалал-Абад шаарына чейин). Көк-Арт ашуусунда узундугу 3,7 чакырымды түзгөн тоннель болот. Бул фазага жалпы 400 миллион доллар жумшалат.
Экинчи фаза: Жолдун узундугу 96 чакырым (Аралдан Казарманга чейин). Бул бөлүккө узундугу 0,7 чакырым болгон тоннель салынат. Жалпы суммасы 284 миллион доллар.
Үчүнчү фаза: Жолдун узундугу 183 чакырым (Кызыл-Жылдыз айылынан Балыкчы шаарына чейин). Жалпы суммасы 166 миллион доллар.