3-июлда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз деп 17 жаштагы кыз изделүүдө
Чүй облусундагы Новопокровка айылында 1997-жылы туулган Нишанова Алия Кеңешбековна изделүүдө. Ал 2015-жылдын 3-июлунда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 10-июлда билдирди. Маалыматка караганда, Алия үйдөн көк жынсы шым, ак футболка менен чыккан. Бою 165-170 сантиметр, арык чырай, чачынын узундугу далысына чейин. Көргөн-билгендер (0 550) 88-87-24, (0 550) 21-08-68, (0 703) 03-22-74, (0312) 43-01-27 номерлерине байланышса болот.
Оо,Кудайым!Аман эле табылып калсын!Ата энеси кандай гана абалда турганын тушуном!Кочого чыгуу дагы кооптуу болуп калды!Кайда журбойлу,кайда болбойлу аман-эсен бололу!
+8
AizaSumaya
2015-07-10 14:03:17
Аман эсен уйуно кайтып келсин Жаратканым жардамын аябасын
+4
advokatt1990
2015-07-10 14:24:19
Эмнеге эле акыркы кундору кыздардын жоголушу кобойуп жатат яя? ар бир куну жок дегенде бирден ушундай издоолорду окучу болдум(((
+2
bom.bon
2015-07-10 15:13:44
Аман эсен табылсын!бугун дайынсыз болуп табылган 26жаштагы кызга окшоп кетебекен бир аз?
+1
Medina87
2015-07-11 00:28:18
Супер - Инфо аркылуу озун - озу ПИАР этуу модага айлангандыбы??
0
jazgul-89
2015-07-13 13:59:41
Аман эсен табылып калсын,кай жерде болсо да тируу болсун .
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.